super.kg logo

Кыргыз эл артисти Зинаида Петренко акыркы сапарга узатылды

 

Бүгүн, 8-ноябрда Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик орус улуттук драма театрында Кыргыз эл артисти Зинаида Петренко акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Кабарлангандай, акыркы сапарга узатуу зыйнатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Театр ишмерлер союзунун президенти Жаныш Кулмамбетов, жакындары, кесиптештери жана күйөрмандары катышты.

Анда эл артисти Петренко Зинаида Михайловнанын 1975-жылдан Орус драма театрына ишке кирип, дээрлик элүү жыл бою орус театрында кызмат кылгындыгы, Кыргызстандын бардык аймактарында жана чет өлкөлөрдө гастролдо болгондугу, театр искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ийгиликтүү чыгармачылык жолу жана педагогикалык ишмердүүлүгү эскерилди.

Таланттуу актриса өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин мыкты актриса, режиссер жана чыгармачыл насаатчы катары иштеп келгендиги айтылып, анын жаркын элеси түбөлүккө сактала тургандыгы баса белгиленди.

Зинаида Петренко 1951-жылы 7-февралда туулган. Орусиянын Уфа шаарында кесиптик билим алган. Кыргызстанга Орск шаарынан келген.

Театр искусствосуна кошкон салымы мамлекет тарабынан татыктуу бааланып, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» жана «Кыргыз Республикасынын эл артисти» мамлекеттик сыйлыктарына татыган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: