super.kg logo
  Саясат  

Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Өзбекстанга жөнөп кетти

 

Бүгүн, 8-ноябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышуу үчүн Ташкент шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, саммиттин алкагында өлкөлөрдүн лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, анын ичинде регионалдык экономикалык кызматташтыктын ичинде өз ара пайдалуу иштерди жөнгө салуу жана социалдык-маданий жана илимий-техникалык өнүгүүнүн ар кандай аспектилери боюнча өз ара жардамдашуу жолу менен региондогу мамлекеттердин чарбалык мамилелердин дүйнөлүк системасына ырааттуу жана этап-этабы менен интеграцияланышын талкуулашат.

"Саммиттин ишине Уюмга мүчө – Азербайжандын, Ирандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Түркиянын, Өзбекстандын мамлекет башчылары, ошондой эле Казакстандын, Пакистандын өкмөт башчылары катышат", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

- Биринчи айым Айгүл Жапарова;
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Муса Джаманбаев;
- Кыргызстандын Ирандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси, Экономикалык кызматташтык уюмундагы туруктуу өкүлү Турдакун Сыдыков;
- билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;
- маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;
- транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;
- экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
- Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: