super.kg logo

Ала-Арчада орусиялык альпинист тик учак менен куткарылды (видео)

 

Бүгүн, 8-ноябрда Ала-Арча капчыгайындагы Рацек чокусунда орусиялык турист куткарылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматында кабарланат.

Маалым болгондой, 41 жаштагы турист 4300 метр бийиктиктеги Рацек чокусуна чыгуу учурунда жабыркаган. Аны ӨКМге караштуу Авиациялык Издеп-куткаруу кызматынын учкучтары «Ак-Сай Трэвел» ЖЧКсынын куткаруучулары менен куткарышты.

Альпинисттер чет өлкөлүк жаранды тик учак коно ала тургандай деңиз деңгээлинен 3900 метрге бийиктикке алып түшүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, 1982-жылы туулган турист А.Г. Орусиянын жараны. 7-ноябрь күнү саат 11:10до деңиз деңгээлинен 4300 метр бийиктикте жайгашкан Рацек чокусуна чыгуу учурунда бутунан жаракат алган. Куткаруучулар ӨКМнын тик учагы менен туристи эвакуациялашты.
Керектүү жардам көрсөтүү үчүн турист ооруканага жаткырылганы кабарланды.





8.11.23

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: