super.kg logo

Бишкекте эки күн бою айыл чарба жарманкеси өтөт 

 

Бишкек шаарында 11-12-ноябрдан тарта дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтүп турат. Маалыматты Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп, жыл аягына, тагыраагы 31-декабрга чейин созулат.

"Жарманкенин максаты - ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү. Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 номерине кайрылып, толук маалымат алса болот" дешти министрликтен.

Жарманке өтүүчү жайлар:

Биринчи Май району (Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 8:00дөн 18:00гө чейин;

Октябрь району (Нуркамал Жетикашкаев-Айтиев-Токомбаев көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 7:00дөн 19:00гө чейин чейин;

Свердлов району (Төрөкул Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 8:00дөн 18:00гө чейин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: