super.kg logo

Бишкекте чөнтөкчүлөр маршруткадан өспүрүм кыздын телефонун уурдап жаткан учурда кармалды

 

Бишкекте бир катар чөнтөк уурулук фактысына шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрда коомдук транспортто бара жаткан жашы жете элек кыздын чөнтөгүнөн 22 миң сом турган Redmi 11pro үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап, качып кетүүгө аракет кылган жарандарды кылмыш болгон жерден милиция кызматкерлери кармап калган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында мурда бир нече жолу соттолгон 2001-жылы туулган Т.Б., 1995-жылы туулган Б.А., 1999-жылы туулган А.К. аттуу жарандар райондук башкармалыктын тергөө кызматына жеткирилген. Тинтүү учурунда шектүүлөрдөн ар кандай үлгүдөгү 7 даана уюлдук телефон табылып, алынган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

"Учурда алардын ушул сыяктуу башка да кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды. Шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен жана кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот: 0(554) 11-03-14, 0(772) 80-30-38, 0(700) 61-11- 19 же 102", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: