super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров АКА-Банктын башкаруучу директору Марк Венчик менен жолугушту

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германияга болгон иш сапарынын алкагында АКА-Банктын башкаруучу директору Марк Венчик менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Германиянын ортосунда банк тармагында кызматташуусун жөнгө салуу маселелерин талкуулашты.

Жапаров эки өлкө ортосундагы банк чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүнү орнотуу Германиянын Кыргызстанга карай экспортунун көлөмүн жогорулатууга өбөлгө түзөрүн, атап айтканда тартылган каражаттар айыл чарба, жашыл энергетика, өнөр жай сыяктуу тармактарга багытталарын белгиледи.

Марк Венчик өз кезегинде Кыргызстан менен финансылык кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар германиялык тараптын Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактары, логистика жана тоо-кен өнөр жайы тармагындагы бир катар келечектүү долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Маалымат үчүн: АКА Банк

(Ausfuhrkredit-Gesellschaft mbH – Экспорттук-кредиттик корпорация – кыскартылганы - АКА) – 1952-жылдын 28-мартында Германиядагы ири банк филиалдары, ири аймактык жана мамлекеттик банктар, ошондой эле алдыңкы жеке банктар консорциумга биригип, Франкфурт-на-Майнеде Экспорттук-кредиттик корпорацияны негиздешкен, ал АКА Банк деп аталган.

АКА Банк Германиянын экспортун каржылоочу жана кредиттик линияларды камсыз кылуучу адистештирилген экспорттук каржылоо банкы болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: