super.kg logo

Ички иштер министринин орун басары Түркияга барды

 

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов Түркияга иш сапары менен барышты.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиргендей, алар Европанын Жол полициясынын дирекцияларынын 1-аймактык жыйынына катышат.

Сапардын алкагында Түркиянын ички иштер министри Али Ерликая менен жолугушуу болду. Кыргызстан менен Түркиянын укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жолугушуусу Стамбул шаарында өтүп жатат.

Анда 2021-2030-жылдарга карата Жол кайгуул кызматынын коопсуздук тутуму, жол кыймылын уюштуруу, жол кылмыштарынын алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатындагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, ылдамдыкты ашыра айдаган, мас абалында болгон айдоочуларга карата укук колдонуу практикасы, ошондой эле эл аралык кызматташуу, өз ара аракеттенүү жана жол полициясынын ресурстарын көбөйтүү маселелери талкууланды.

Иш сапар 10-ноябрга чейин уланары кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: