super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Ташкенттен ары Парижге жөнөп кетти

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэль Макрондун чакыруусу менен 9-11-ноябрда Париж тынчтык форумунун алкагындагы "Бир Планета Саммитине" катышуу үчүн жөнөп кетти.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, иш сапардын алкагында мамлекет башчысы ЮНЕСКОнун башкы конференциясынын 42-сессиясына да катышат.

Ошондой эле Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэль Макрон, ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) башкы катчысы Матиас Корман, Франциянын энергетика тармагындагы "Électricité de France" жана "Total" компанияларынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

"Сапардын жүрүшүндө президент Жапаровдун катышуусунда биринчи кыргыз-француз бизнес-форумун өткөрүү пландаштырылууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, мамлекет башчысы 8-9-ноябрда иш сапары менен Өзбекстандын Ташкент шаарында болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: