Супер фактылар: Жети жолу чагылган тийип, бирок аман калган адам тууралуу уктуңуз беле?
Дүйнөдө кандай гана таң калычтуу, окуялар, кубулуштар жана адам баласы тарабынан жасалган иш аракеттер бар. Муну менен алар Гиннесс рекорддор китебине кирип, тарыхта өз ысымдарын калтырып келет. Биз бүгүн Гиннес китебине кирген жана эч ким жаңырта албаган рекорддор тууралуу айтып беребиз.
Футболдогу рекорд:
2015-жылы Германия бундес лигасынын алтынчы тур оюнунда “Бавария” менен “Вольфсбург” беттешип, биринчи бөлүктүн жыйнтыгында 0:1 эсебинде жеңилип жаткан. Экинчи тайымда мюнхендик команда алмаштыруу жасап, талаага Роберт Левандовский чыгат. Чабуулчу бар болгону 9 мүнөтүн ичинде атандашынын дарбазасына 5 гол киргизип (пента-трик жасап) дүйнө элин таң калдырган рекорд жараткан. Голдорду 51-52-55-57-60-мүнөттөрдө киргизген.
Чагылган адам:
Чагылгандын адамга түшүү ыктымалдылуугу өтө аз, бир эле адамга бир нече жолу тийүүсү бул мүмкүн эмес көрүнүш. Бирок америкалык Рой Салливан тарыхта калды. Ага 1942-жылдан 1977-жыл аралыгында 7 жолу чагылган тийген. Ар биринде ар түрдүү жаракат алып отурган. Эң кызыгы эч биринде көз жумбай аман калган. Мындай көйгөйгө туш боло бергенине чыдабаган жубайы Салливанды таштап кеткен. Ал кийин 1983-жылы 28-сентябрда 71 жашында, жоопсуз сүйүүдөн улам өзүн-өзү өлтүргөн. “Чагылган адамдын” эки формасы Нью-Йорктогу жана Түштүк Каролинадагы Гиннес музейинде көргөзмөгө коюлган.
Баскетбол рекорду:
Австралиялык Дерек Херрон баскетбол тобун алыскы аралыкка ыргытуу боюнча жаңы дүйнөлүк рекорд орноткон. Ал 2018-жылы Түштүк Африкадагы Малецунеяне шаркыратмасынын чыгып 200 метр бийиктиктен себетке ыргытуу жасап дүйнөлүк Гиннес китебине кирген. Дерек Херрон бул жыйынтыка жетүү үчүн узак убакыт, жана көптөгөн баскетбол топторун кетиргенин айтат. Буга чейинки рекорд да Херронго таандык болчу. 2016-жылы 180 метр бийиктиктен топту себетке ыргыткан. Бирок Херрон профессионал баскетболчу эмес жана бардык трюктарды көңүл ачуу үчүн жасайт.
Таш бака рекорду
Ылдамдык дегенде оюңузга эмне келиши мүмкүн? Албетте учак, автоунаа жана башкалар келиши мүмкүн. Таң калычтуусу Берти аттуу таш бака, башка туугандарына салыштырмалуу эң ылдам деп таанылган. Ал 2015-жылы 0,28 миль саатка 0,6 миль чейин ылдамдыкта, тактап айтканда 100 метрди 6 мүнөттө басып өтүп гиннес китебине кирген. Буга чейин реккорд 1977-жылы Чарли аттуу таш бакага таандык болуп келген жана 40 жылга убакыт бою эч ким жаңырта алган эмес. Берти, Чарлиден эки эсе ылдамдыкты көрсөткөн.
Найза ыргытуу рекорду
1984-жылы 20-июлда германиялык спортчу Уве Хон найзаны 104,80 метрге ыргытып, укмуштуудай рекорд орноткон. Стадиондун четинде турган адамдарга тийип кала жаздаган. Мындан кийин 1986-жылы Эл аралык жеңил атлетика федерациясы найза ыргытуу боюнча мелдештин эрежелерине өзгөртүү киргизген. Найзанын салмагын башына карай оорлоштуруп, жантыйжада жерге эрте түшө тургандай жасашкан. Уве Хондун рекордун эч ким буза алган эмес. Өзгөртүлгөн эреже боюнча, азыркы дүйнө рекорду чехиялык Ян Железны таандык. 1996-жылы 98 метр 48 сантиметр аралыкка ыргытып дүйнөлүк рекорд койгон. Бул көрсөткүчтү 27 жылдан бери эч ким буза элек, ал эми Уве Хондун рекордун эч ким буза албайт өңдөнөт.
Денесинде эң көп татировка бар адам Дүйнөдөгү эң татуировкаланган адам Лаки Даймонд Рич, чыныгы аты Грегори Пол Макларен, Анын денеси толугу менен татуировка менен капталган. Мындай метаморфоз үчүн адам дүйнөдөгү эң татуировкасы бар адам деген расмий наам алган. Ал ар дайым өз денесин жаңы татуировкалар менен ар түрдүү темаларда, Христостун жүзүнөн тартып байыркы тибет элинин сыйынуусуна чейин кооздоп түшүргөн жана муну бүткүл дүйнө жүзү боюнча жасаган. Гиннестин рекорддор китебине кирген жазууда ал 4 континентте, 17 өлкөдө, 45 шаарда, 250дөн ашык студияда 136 сүрөтчү менен татуировка жасаганы айтылат. Натыйжада ийне астында 1 150 саат өткөрүп, болжол менен 48 күн жумшаган. Кулагы узун тешик, тиштери темир менен капталган.
кошулду



