super.kg logo

"Өздөрүн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү катары тааныштырган". Чүйдө издөөгө алынган төрт адамдын экөө кармалды

 

Чүйдө бейбаштыкка шектелип издөөгө алынган төрт адамдын экөө кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, ноябрь айынын башында Жайыл РИИБине токмоктолгон 28 жаштагы жаран ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө өздөрүн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү катары тааныштырган төрт адам Чүй облусунун жашоочуларына кол салып, денесине залал келтиргени аныкталган.

Эки унааны мас абалында айдап жүргөн жарандар үч кишини күч менен унаага салышып, ээн жерге алпарып эч себепсиз сабашкан. Сабалгандардын бирин Кара-Балта шаарынын аймактык ооруканасына жеткирип, кетип калышкан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгү (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин алкагында шектүү катары 1999-жылы туулган Ж..Н. жана 1997-жылы туулган М.А. аттуу эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алынган маалыматтар боюнча, экөө тең мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар. Алар Чүйдүн Панфилов районунун тургундары болушат.

Учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: