Өзгөн районунда жаңы мектеп ачылды








Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар билим берүү мекемелеринде болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Байсалов Өзгөн районундагы 150 орундуу жаңы орто мектептин ачылышына катышты.
Андан соң ал Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жаңы имаратынын ачылышына катышты.
"Университеттин жаңы имаратынын курулушу 2021-жылдын декабрь айында башталып, имараттын жалпы сметалык баасы 120 миллион сомду түзөт", - деп атылат маалыматта.
Сапардын соңунда Эдил Байсалов Ош мамлекеттик университетинде өткөн Дивали индиялык фестивалына барды.
Ал ОшМУда билим алып жаткан индиялык студенттерди улуттук майрамы менен куттуктап, университетте түрдүү маданияттар, улуттар жана цивилизациялар ортосунда пикир алмашуу жана өз ара аракеттенүүнүн уникалдуу жагдайы түзүлгөндүгүн белгиледи.
