super.kg logo

Маданият министрлиги "Клооптун" кыргыз тилиндеги сайтын жабууну чечти

 

Маданият министрлиги "фейктер" жөнүндөгү мыйзамдын негизинде "Клооптун" кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөө чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрлик билдиргенин "Клооп" жазды жана мекеменин катынын көчүрмөсүн жарыялады.

"Клооп" басылмасы кыргыз тилиндеги сайтын Санариптик өнүктүрүү министрлиги "Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды" деген материалдын негизинде бөгөттөгөн болушу мүмкүн деп эсептейт.

"Клооптун" орус тилиндеги сайты 12-сентябрдан тартып жабылган. Ага "Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды" деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал "чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет" деп Маданият министрлигине кайрылган.

Белгилей кетсек, 28-августта Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылганы маалым болгон. Документте доонун себеби катары басылма "көрсөтүлгөн уставдын алкагынан тыш ишмердүүлүк жүргүзүп жатканы" айтылган.

Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында “Клооп” басылмасы "азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган. Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып жатканын” жүйө келтирген.

Басылма коюлган дооматтарды четке кагып, муну сөз эркиндигине басым катары баалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: