Бишкектин айрым аймагында ичүүчү суу өчүрүлөт
Бишкекте 13-ноябрда ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 13-ноябрда төмөнкү даректердеги турак үйлөргө, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик багытындагы жана өнөр жай объекттерине саат 9:00дөн 21:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат.
"Өчүрүү аймагы М.Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек-Жолу проспектиси, Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү менен чектешет.
Өчүрүү "Белинский" суу алгычында жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, "Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан, калктан алдын ала ичүүчү сууну камдап алууну суранат.
