Бишкектин Ленин районунда оор турмуштук кырдаалга кабылган балалуу аялдар үчүн "Мээрим борбору" баш калкалоочу жайы иштейт, аларга ысык тамак, жатакана, медициналык тейлөө, социалдык жана юридикалык жардам берилет. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда бул жерде 12 аял жана 14 бала жашайт, ал эми социалдык кызматтар "Кайрымдуулук борбору" коомдук фондунун эсебинен көрсөтүлүүдө. Бул максатта жергиликтүү бюджеттен 493 миң сом бөлүнгөн.
"Борбордун өзүнүн кир жуучу жайы, чач-тарач, душ бөлмөсү жана ашканасы бар. Медициналык кызматты №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлери көрсөтүшөт.
Документи жок аялдарга Ленин райондук үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери паспортторун жана туулгандыгы тууралуу документтерин калыбына келтирүүгө жардам беришет", - деп айтылат маалыматта.
Ага ылайык, Колдоо үйү Трудов көчөсү, 10 дарегинде жайгашкан. Толук маалыматты 64-11-09 номерине чалып алсаңыз болот. Директор Роза Казиевна 88-38-99, Жамиля Абдыбекова - муниципалдык администрациянын адиси 65-68-79.
Бишкектин Ленин районунда убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады




Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.