super.kg logo

"Вечерний Бишкек” гезитинин Kaktus.media сайтына каршы доо арызы боюнча Жогорку Соттун чечим чыкты

 

Бүгүн, 10-ноябрда “Вечерний Бишкек” гезитинин Kaktus.media сайтына каршы доо арызы боюнча Жогорку Соттун чечими чыкты.

Kaktus.media сайты маалымдагандай, Жогорку Соттун судьялары Маргарита Мельникова, Дилбар Кулматова жана Болотбек Батыралиевден турган коллегиясы буга чейинки эки инстанциянын чечимин жарым-жартылай өзгөртүп, журналист Дили Юсуповадан 500 миң эмес, 100 миң сом өндүрүү чечимин кабыл алды. Ал эми басылманын өзүнө салынган 500 миң сом айып ошол бойдон калды.

Эске салсак, былтыр 29-декабрда Kaktus.media сайтына "Вечерний Бишкектин" кызматкерлери гезит 1-январдан тартып жабыларын билдиришти” деген макала жарыяланган.

“Вечерний Бишкек” бул макалада так эмес маалымат келтирилгенин билдирип, сотко кайрылган жана жалпысынан 50 миллион сомдук доо койгон. Анын ичинен 25 миллионун журналист Юсуповадан, калганын басылмадан талап кылган.

Быйыл 23-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арызды жарым-жартылай канааттандырып, басылманын журналисти Дили Юсупованы 500 миң сом, "Промедиа Плюс" коомдук фондун (Kaktus.media басылмасынын ээси) 500 миң сом төлөөгө милдеттендирген.

Бишкек шаардык соту 4-сентябрда райондук соттун чечими күчүндө калтырган. Бул чечимге нааразы болгон Kaktus.media Жогорку Сотко арыз берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: