super.kg logo

Жалал-Абаддын тургунун 35 миллион сомго алдап кеткен жаран Өзбекстандан кармалды

 

Жалал-Абадда 35 миллион сомдон ашуун акчаны алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-сентябрда Жалал-Абад шаарынын 29 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал былтыр июнь айында 22 жаштагы Р.С. аттуу Ноокен районунун тургуну, Орусиядан жыгач алып келип берем деп 35 миллион 158 миң сом акчасын алып, ушул күнгө чейин качып жүргөндүгүн билдирген.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 2001-жылы туулган Р.С. Өзбекстандан кармалып, Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

"Эгерде кылмыш ишине шектелген жарандан жабыр тарткандар болсо Жалал-Абад ОИИБинин нөөмөт бөлүмүнө же 0772 70 90 00 номерине кайрылсаӊыздар болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: