super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Парижден Сауд Арабияга учуп кетти

 

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Францияга болгон иш сапары аяктап, президент Сауд Арабияга учуп кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Өлкө башчы "Бир Планета Полярдык Саммитинде" сөз сүйлөп, мөңгүлөрдү сактоо жолдорун издөө жана суу ресурстарынын пайда болгон зонасын коргоо боюнча кызматташууну бириктирүүгө чакырды.

Күндүн экинчи жарымында Садыр Жапаров эки өлкөнүн 50дөн ашык компаниясынын ишкерлери катышкан биринчи кыргыз-француз бизнес-форумуна катышты. Андан соң президент "EDF" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы жана башкы директору Люк Ремон менен жолугуп, компанияны Чаткал дарыясына ГЭСти биргелешип курууга жана бул багыттагы иштерди күчөтүүгө чакырды.

Мындан тышкары, сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө лидерлер эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана аны өнөктөштүк деңгээлине чыгарууга даяр экендиктерин билдиришти.

Иш сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров иш сапары менен Сауд Арабияга Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам саммитине катышуу үчүн жөнөп кетти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: