super.kg logo

Бишкекте ымыркайдын таштандыга ыргытылышы: 2002-жылы туулган энеси кармалды

 

Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркайды өлтүрүүгө аракет кылган деген шек менен анын апасы кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренеси (Жаңы төрөлгөн баланын энеси тарабынан өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган А.С. аттуу жаран кармалды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Буга чейин маалымдалгандай, ымыркай №1 төрөт үйүнө которулган, абалы туруктуу.

9-ноябрда Бишкектеги таштанды челектен баштыкка салынган жаңы төрөлгөн ымыркай табылган. Алгач аны пакистандыктар байкап, кийин милиция чакырышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: