"Абдыш-Атанын" оюнчулары бүгүн кошулат. "Ак шумкарлар" Куала-Лумпурда алгачкы машыгуусун өткөрдү




Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Куала-Лумпур шаарында алгачкы машыгуусун өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
Кураманын жарым коргоочусу Магамед Узденов ден соолугуна байланыштуу окуу-машыгуу жыйынды өткөрүп жиберет. Башкы машыктыруучунун жардамчысы Эдгар Бернхардт жеке себептерден улам Малайзияда өтө турган машыгуу процессине катышпай калды.
Бүгүн, 11-ноябрда кураманын карамагына "Абдыш-Ата" клубунун оюнчулары келип кошулушат.
"Ак шумкарлар" Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында 16-ноябрда Малайзия менен ойнойт.
Ал эми 21-ноябрда Бишкекте Оман курама командасын кабыл алат.
Белгилей кетсек, Бишкекте өтө турган оюнга билеттер учурда арзандатуу менен сатылып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.