super.kg logo
  Саясат  

"Наристелердин жана аялдардын өлүмү кабыл алынгыс". Садыр Жапаров Палестина-Израиль жаңжалы боюнча билдирүү жасады

 

Президент Садыр Жапаров кечээ, 11-ноябрда Эр-Рияд шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ислам Кызматташтык Уюмунун 8-кезексиз саммитинде сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө саммиттин маанилүүлүгүн белгилеп, чукул жыйын Палестинадагы каргашуу окуяларга байланыштуу өткөрүлүп жатканын айтты.

Бул чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бир айдан ашык убакыттан бери күчөгөн зордук-зомбулуктун натыйжасында эбегейсиз жоготууларга жана кыйынчылыктарга дуушар болгон бардык палестиналык жарандардын кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт. Ар бир кыйылган өмүр – бул чоң трагедия. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасы Газа тилкесиндеги карапайым калктын азабын жеңилдетүү үчүн гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр.

Биз палестиналык боордошторубузга тышкы агрессияны жана бейкүнөө адамдардын өлүмүн токтотууга колдоо көрсөтүү, ошондой эле гуманитардык жардам берүү биздин жалпы милдетибиз деп эсептейбиз. Газа тилкесиндеги уруш аракеттери Палестина элинин көп сандаган курмандыктарына жана азап-кайгысына алып келди, бул болуп көрбөгөндөй гуманитардык катастрофа. Бейкүнөө жарандардын, анын ичинде наристе балдар менен аялдардын өмүрлөрү кыйылышы кабыл алынгыс жана эл аралык коомчулук тарабынан кеңири айыпталууга тийиш. Жарандык инфраструктурага, мектептерге, ооруканаларга жана турак жайларга тандоосуз кол салуу эл аралык гуманитардык укукту бузуу гана эмес, адам укуктарын да олуттуу бузуу болуп саналат”, - деди Садыр Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: