super.kg logo

“Голден кеш” жана “Кей джи голд” каржы пирамидаларын уюштурууга шектүү аял Анталиядан кармалды

 
Түркияда каржы пирамидаларынын негиздөөчүлөрүнүн бири кармалды. Келтирилген жалпы зыян 3 милион доллардан ашты. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
ИИМдин Интерполу менен Түркиянын ИИМдин Интерполу биргелешкен ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2022-жылдын февраль айында эл аралык издөөдө жүргөн 65 жаштагы Ч.А. Анталия шаарынан кармалган.
Кылмышка шектүү Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБ тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык, каржы пирамидаларын түзүү жана ага катышкандыгы үчүн издөөдө жүргөн.
Кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында Ч.А. жана анын шериктери тарабынан, 100дөн ашык Кыргызстандын жараны (айрым маалыматтар боюнча 2000ден ашык жаран) жабыркап, 3 миллион долларды түзгөн зыян келтирилген.
Шектүү жана О.С., В.К. аттуу чет элдик жарандар өздөрүн Англияда катталган ири инвестициялык жана зергерчилик компаниясынын өкүлдөрү катары көрсөтүшкөн.
Аталган топ акчалай салымдар боюнча жогорку (260 пайызга чейин) пайыздык чендерди убада кылып, Кыргыз Республикасында иштеп жаткан “Голден кеш” жана “Кей джи голд” каржылык пирамидаларын уюштурушкан.
Андан тышкары, алынган маалыматтар боюнча, кылмышкерлер КМШнын ар кайсы өлкөлөрүндө каржы пирамидаларын түзүшкөн. Алар ири суммадагы акчаны ээлеп алып, чет мамлекеттерге качып кетишкен.
ИИМдин Интерполу Польшанын жана Өзбекстандын Интерполу менен биргеликте аталган кылмыштарга шериктеш О.С. жана В.К. аттуу жарандарды кармашкан.
Азыркы учурда атайын органдар менен бирдикте аларды Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда.
“Голден кеш” жана “Кей джи голд” уюмдарынын ишмердүүлүгүнөн жапа чеккен болсоңуз, 0 (312) 66 – 44 – 64 телефону аркылуу байланышыңыз. Жашыруундуулукка кепилдик берилет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: