super.kg logo
  Спорт  

"Калпак кийип". Жоламан Шаршенбеков финалдагы атаандашы менен тамашалуу күрөштү (видео)

 

Белгилүү кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков менен түштүк кореялык Хэнжи Чунг аттуу балбандын тамашалуу видеосу социалдык тармактарга тарады.

Анда эки балбан жаратылыш койнунда күрөшкөн. Түштүк Кореялык балбан кыргыздын калпагын кийип жүргөн. Жоламан Шаршенбеков аны көтөрүп чапканда ал калпакты жерден дароо ала коюп, качкан.

Эки балбандын мындай күрөшү көпчүлүк интернет колдонуучуларына позитивдүү маанай тартуулады. Айрымдары түштүк кореялык балбан жыгылганына карабай калпакты дароо жерден алганына ыраазы болушту.

Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков менен Хэнж Чунг быйыл апрелде Астана шаарында өткөн Азия чемпиондугунун финалында кез келген. Анда Жоламан Шаршенбеков атаандашын 9:0 эсебинде жеңип, Азия чемпиону болгон.






Жоламан Шаршенбековдун тамашалуу күрөшү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: