super.kg logo
  Саясат  

Ош. Жаңы жыл күнү коомдук транспорттор түнкү саат экиге чейин иштейт

 

Ош шаарынын вице-мэри Ильяс Ражапов шаардагы бардык мекеме, ишканалардын жетекчилери менен 2014-жаңы жылды тосуп алууга даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү. Учурда  Ош шаарынын мэриясынын тапшырмасына ылайык, бардык мекеме-ишканалар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Мындан сырткары майрам күндөрү электр жарыгы үзгүлтүксүз берилери маалым болду. 

“Майрам күндөрү эч кандай жарык үзгүлтүккө учурабашы шарт. Эгерде авариялык учурлар катталса, тез арада калыбына келтириңиздер. Майрам күндөрү шаардыктар жарыксыз отурбасын”,- дейт бул тууралуу Ильяс Ражапов. Ошондой эле вице-мэр 31-декабрь күнү түнкүсүн Ош шаарында коомдук унаалар түнкү саат экиге чейин шаардыктарды тейлешет. Ал эми күч органдары коомдук тартипти сактоодо күчөтүлгөн режимде иш алып барышарын айтты.

Учурда Ош шаарынын борбордук аянтына балатынын каркасы орнотула баштады. Балатынын узундугу канча болору азырынча маалымдала элек. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: