super.kg logo

Екатеринбургда Алтынбектин табышмактуу түрдө каза болушу: Тышкы иштер министрлиги үн катты

 

Тышкы иштер министрлиги Екатеринбургда 27 жаштагы кыргызстандык Алтынбек Камбаровдун өлүмү боюнча билдирүү жасады.

"Алтынбек Камбаровдун өлүмүнө алып келген жол кырсыгынын чоо-жайын тактоо максатында Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери маркумдун жакын туугандары менен бирге тергөө бөлүмүнүн башчысы менен жолугушуу өткөрүштү. Жыйындын жүрүшүндө тергөөгө чейинки жол-жоболор аяктагандыгы тууралуу маалымат келип, учурда кылмыш иши Орусиянын Свердлов облусу боюнча тергөө комитетине өткөрүлүп берилди", - деп жазылат билдирүүдө.

Өз кезегинде Башкы консулдук тарабынан маркумдун жакындарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, 7-ноябрда маркумдун сөөгү Кыргызстанга жеткирилген.

Бул маселе министрликтин жана Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун көзөмөлүндө, алар маркумдун жакындары жана Орусиянын Свердлов облусу боюнча тергөө комитети менен байланышта.

Буга чейин Екатеринбург шаарында кыргызстандык А.К. табышмактуу түрдө каза болгондугу кабарланган.

Күбөлөрдүн айтымында аны 2-3 адам артынан кубалап, ал көчөгө чуркап чыгып, кичи автобустун туткасынан кармоого аракет кылган, бирок тең салмактуулукту жоготуп, арткы дөңгөлөктүн астына кулаган. Ал көп кан жоготуудан ошол жерден каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: