super.kg logo

Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгына 55 жыл: Аткаруучулар үчүн сынак жарыяланды 

 

Өлкөнүн Эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгынын 55 жылдыгына карата автордун чыгармаларын аткаруучулар жана жалпы эле таланттуу аткаруучулар үчүн сынак жарыяланды. Бул тууралуу "Манас" театрынан кабарлашты.

Сынактын максаты - залкар акын Замирбек Үсөнбаевдин чыгармачылыгын жаш муундарга жеткирүү. Ошондой эле салттуу өнөрдөгү залкарлардын чыгармаларын комуздун коштоосунда чебер аткара алган мыкты аткаруучуларды жана жаш таланттарды эл алдына алып чыгуу болуп саналат.

Сынактын эрежелери

Сынакка салттуу музыкалык искусствонун алып журүүчүлөрү, улуттук музыкалык аспаптардын коштоосунда жогорку деңгээлде ырдай алган бардык өнөрпоздор, каалоочулар жана маданий-музыкалык окуу жайлардын таланттуу студенттери катыша алышат. Катышуучулардын жашы чектелбейт;

Сынак Замирбек Үсөнбаевдин аткаруусунда кездешкен же автордук ар кайсы жанрдагы (обондуу ырлар, көлөмдүү ашыктык жана арман ырлар, терме, санат, жоктоолор, залкарлардын айтыштары, эскерүүлөр, дастандар кайрылуу ж.б.) чыгармаларын аткаруучулар арасында өтөт.

Сынакка катышуучулар үчүн бардык чыгармаларынын бириктирилген аудио альбому түзүлүп, атайын KANATUULU ютуб каналга жүктөлдү.

Аткаруучулар Замирбек Үсөнбаевдин төмөнкү көрсөтүлгөн чыгармаларынын ичинен өзү каалаган көлөмдүү чыгармадан бирди
комуз аспабынын коштоосунда аткаруусу керек:

1. Олжобай менен Кишимжан
2. Кожожаш
3. Гөзал кыз
4. Кызыл туу кыргыз кыздары
5. Жыргалын күлкүн эл менен
6. Акбаары
7. Кырк серке жайлоосундагы айтыш
8. Чонду акын”Кези кези келгенде”
9. Эненин арманы 6 уулунан айрылганы
10. Комузчуларга
11. Көк сулуу
12. Алымкулдун 1-жолугушуусу Токтогулга
13. Алымкул менен Сулаймандын айтышы
14. Кош Алымкул. Ысмайыл
15. Каражаак Калмырзанын Шабданга ырдаганы
16. Осмонкул менен Калыктын учурашканы
17. Өзүн бил
18. Кыргыз көчү
19. Карылык
20. Саякбайга арноо
21. Бууракандын белиндеги айтыш
22. Нан жөнүндө терме
23. Токтогул менен Эшманбеттин айтышы (күрөш тууралу)
24. Арноо
25. Ашык элем
26. Жеңиш үнү
27. Кечирип кой

Сынактын I, II туру жана финалдык туру 19-ноябрда саат 10:00до Кыргыз улуттук “Манас” тетарынын концерттик залында болот.

1- турда куплеттик формадагы чакан обондуу ырларын жана “Гөзал кыз” чыгармасынан башка чыгармаларды аткаруусу талап кылынат.
Калыстар атайын жободо көрсөтүлгөн баалоо талаптардын негизинде карай, тандоо айлампасынан өткөн катышуучуларды аныктап, кийинки айлампага 14 аткаруучуга жолдомо беришет.

2-турга тагыраак айтканда, экинчи айлампага жолдомо алган аткаруучулар, тизмеде көрсөтүлгөн чыгармаларынын ичинен өзү каалаган (тандоо турунда аткарган чыгарманы кайра аткарууга болбойт) эки чыгарманы аткарууга тийиш. Ал эки чыгарманын бирөөсү обондуу (куплеттик формадагы чакан обондуу лирикалык ырлары) ырларынан болсо, экинчиси сөзсүз көлөмдүү чыгарма (мисалга: терме, санат,насыят чыгармалары, казалдар, залкарлардын айтыштары, дастан, кайрылуу,арноо же жоктоо ырлардан же экөө тең көлөмдүү чыгармадан болуусу шарт.

Эгерде ушул экинчи айлампада талапка ылайык комуз аспабынын коштоосунда эки чыгарманы аткара албаса финалдык турга өтүү мүмкүнчүлүгү жок. Жогоруда экинчи айлампада жарышка түшкөн 14 аткаруучудан тандалып алынган алты аткаруучу финалда байгелүү орундар үчүн жарышууга жолдомо алат.

Финалдык турга тандалган аткаруучулар байгелүү орундар үчүн Замирбек Үсөнбаевдин тизмеде көрсөтүлгөн чыгармаларынын ичинен өзү каалаган бир чыгарманы комуздун коштоосунда аткаруусу зарыл. Финалдык турда мурда алган упайлар эсепке алынбайт жана мурунку турда аткарган чыгармаларын кайрадан аткарууга болбойт. Финалда чыгарманы эң жогорку денгээлде аткарып, келечекте салттуу өнөрдүн үлгүлүү улантуучусу катары чыгарманын салттуулугун бузбастан мыкты аткарган дарамети күчтүү, бардык талаптарга жооп берген аткаруучулар алган упайларына жараша байгелүү орундарды ээлешет.

Сынактын жыйынтыктоочу концерти Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында 20-ноябрда саат 18:00дө өтөт. Байге фонду бир миллион сом.

Сынак боюнча байланыш номурлар: 0700 540 493, 0703 700 797.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: