Бишкек-Ош жолунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкек-Ош жолундагы “Арал” постунда кечээ, 12-ноябрда саат 20:00дөн тарта оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилгенин кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек - Ош автоунаа жолунда аба ырайы кескин өзгөрүп, Ала-Бел ашуусунда кар жаап, бороон күчөгөн. Министрликке караштуу №23 ишкана (ДЭП) ашууну кардан тазалоо жана кум-шагыл чачуу иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.
"Көбүнчө кар чынжырлары жок жүк ташуучу унаалар, жайкы дөңгөлөктөр менен жолдун боюна токтоп тыгындарды пайда кылууда. Мындан улам Бишкек-Ош унаа жолунун түштүк тарабынан жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди", - деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик ашуулар кар экенин белгилеп, алыс жолго чыга турган айдоочуларды дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууга, кар чынжырларын жана өзгөчө кырдаалда колдонуу үчүн күрөк ала жүрүүгө чакырат.
