super.kg logo

Бишкектеги “ЦУМ-Айчүрөктүн” ээси Анвар Габбазовго эл аралык издөө жарыяланды

 

Бишкек шаарындагы “ЦУМ-Айчүрөк” соода борборунун ээси Габбазов (азыр Маметов) Анвар Илшатовичке сыртынан айып тагылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Габбазов Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоо, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген. Аталган адам улуттук коопсуздук органдары тарабынан эл аралык издөөгө алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө Габбазов өзүнүн жардамчысы Рамонов М.Т. аркылуу Көлбаевге Мерседес-Бенц 222 брондолгон автоунаасын белекке берген, унаа Габбазовдун жеке каражатына сатылып алынган.

"2020-жылдын октябрь айында алар аталган унааны экс-премьер-министр Сапар Исаков абактан чыккандан кийин өткөрүп беришкен. Ошол эле учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Габбазов жана К.Асанбек аффилиацияланган жактар менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы Кара-Ой айылында жайгашкан, баасы 15 миллион доллар болгон мурдагы ЗИЛ пансионатынын 42 гектар жерин мыйзамсыз ээлеп, өз адамдарына каттатып алышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Мындан тышкары, Габбазов менен К.Асанбектин ортосундагы жалпы финансылык иштер жана кызматташуу фактылары аныкталган. Тактап айтканда, Габбазов Бишкектин престиждүү аймактарынын биринде жайгашкан, мурда К.Асанбектин жакын тууганынын наамына катталган кымбат батирди, ошондой эле Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Каганат эс алуу борборунан коттедж сатып алган", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда Анвар Габбазовго эл аралык издөө жарыяланып, тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: