super.kg logo

Эмгек министрлиги таштандыга ыргытылган ымыркайдын жакындарын издеп жатат

 
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бишкекте таштанды челектен табылган балага карата көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Ведомстводон билдиришкендей, министрликтин кызматкерлери №1 төрөт үйүнө барып, баланын абалын текшеришти.
Ошол эле учурда балага туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алуу, жакын туугандарын таап, камкордукка берүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
"Эгерде жакын туугандары табылбай, же камкорчулуктан баш тарткан учурда баланын маалыматтары кийин асырап алуу үчүн ата-энесинин камкордугусуз калган бала катары Мамлекеттик маалымат банкына киргизилет жана социалдык мекемеге жайгаштырылат. Баланы жекече коргоо планы жана маалымат Октябрь административдик районунун балдар иштери боюнча комиссиясында ушул жумада карала тургандыгын билдиребиз", - деп жазылат билдирүүдө.

9-ноябрда Бишкектеги таштанды челектен баштыкка салынган жаңы төрөлгөн ымыркай табылган. Алгач аны пакистандыктар байкап, кийин милиция чакырышкан.

Ымыркай №1 төрөт үйүнө которулган, абалы туруктуу. Ал эми анын энеси 2024-жылдын 11-январына чейин СИЗО-1ге киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: