super.kg logo

19-ноябрда элди митингге чыгууга чакырган Фейсбук колдонуучусу кармалды

 

19-ноябрда массалык баш аламандык уюштурууга чакырган фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, массалык башаламандыкка жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырыктарды такай жарыялап турган “фейсбуктун Адис Жумгалов аккаунтунун колдонуучусу, 1980-жылы туулган М.А.Р. аттуу жаран аныкталып, кармалган.

"Өз аракети үчүн жоопкерчиликтен кутулуу үчүн колдонуучу М.А.Р. купуялык орнотуп алган, башкача айтканда фейсбукта фейк аккаунтту колдонгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө анын жашаган жеринен 4 даана мобилдик уюлдары, 1 даана персоналдык компьютер, 2 даана ок атуучу куралдар жана ага ок-дарылар, ошондой эле кылмыш иши үчүн мааниси бар башка буюм далилдери табылып алынды", - деп билдиришти УКМКдан.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: