super.kg logo

Баткенде эки көчөгө чек арада каза болгон жоокерлердин ысымы ыйгарылды (сүрөт)

 

Баткенде былтыр күзүндө Тажикстандын куралдуу кол салуусунда курман болгон эки жоокердин ысымы өзү жашаган көчөлөргө ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, Айдаркен шаарындагы көчөгө Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун кызматкери Мыктыбек Мурзажановдун ысымы берилди.

"Мыктыбек Мурзажанов 2022-жылдын сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалда баатырларча курман болгон. 23 жашында мекен чегин коргоп жатып набыт болгон баатырга (каза болгондон кийин) өлкө башчысы тарабынан "Эрдик" медалы ыйгарылган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Айдаркен шаарынын дагы бир көчөсүнө Марат Ташмирзаевдин ысымы ыйгарылды.

"Ал да 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында баатырларча курман болгон. 20 жашында мекен чегинде каза болгон чек арачы Марат Ташмирзаев, УКМКнын чек ара кызматынын Бөрү атайын отрядында кызмат өтөп жаткан", - деп айтылат билдирүүдө.

Баатырлардын ысымын ыйгаруу аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган жергиликтүү жетекчилер, баатырлардын жакындары, айылдаштары, кесиптештери катышты.

Облус башчысы өз сөзүндө "мекендин бүтүндүгүн коргойм деп жатып шейит кеткен баатырлардын эрдиги эч качан унутулбайт, алар аз жашаса да, ысымдары түбөлүккө жашайт"деп белгилеп, баатыр уулдарды тарбиялаган ата-энелерине ыраазычылык билдирип, көңүл айтты.

Бүгүнкү күнгө чейин Тажикстандын агрессиясында каза болгон 45 мекендешибиздин ысымы өздөрү туулуп өскөн аймактардагы көчө, эс алуу парктары, спорт комплекс сыяктуу объекттерге берилгени кошумчаланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: