Эртең Бишкектин айрым унаа жолдору убактылуу жабылат
Эртең, 14-ноябрда Бишкектин айрым унаа жолдору убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуу кеңешинин ХХХVI-отурумуна арналган "Ден соолук" аталышындагы чуркоо спорттук иш-чарасы өткөрүлөт.
Ага ылайык, Бишкектин Жайыл Баатыр көчөсүндө, А.Чортеков көчөсүнөн Ж.Шералиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө саат 09:00дөн 12:00гө чейинки убакытта жарандардын коопсуздугу үчүн унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
"Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору! Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайт жана аталган жол тилкеси аркылуу өтүүдө каттамды алдын ала тандап алууну суранат",- деп маалымдашты мекемеден.
