super.kg logo

Баткенде Ак-Суу дарыясынын жээги бекемделип, айыл чарба жер аянты сел кооптуулугунан корголду

 

Баткенде Ак-Суу дарыясынын жээги бекемделип, 23 гектар айыл чарба жер аянты сел кооптуулугунан корголду. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ак-Суу дарыясынын жээгин бекемдөө жана нугун түздөө жумуштары 120 метр узундукта аткарылды. Аталган участка Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашып, Гайрат айылындагы жер аянты жана турак үйлөр сел кооптуулугунан коргоого алынды.

"ӨКМ тарабынан бөлүнгөн экскаватордун жардамы менен Ак-Суу дарыясынын жээги бекемделип, аны менен катар эле 63 турак үй, 23 гектар айыл чарба жер аянты, 2000 метр ички чарбалык жол жана 5300 метр ички чарбалык жер сел каптоо коркунучунан корголду",-деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: