super.kg logo

Кыргызстандыктар бир нече ооруларга бекер текшерүүдөн өтө алышат

 

Кыргызстандыктар вакцина менен башкарылуучу жана башка актуалдуу инфекцияларга каршы иммунитетин бекер текшере алышат. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар вакцина менен башкарылуучу жана башка актуалдуу инфекцияларга каршы иммунитетин Саламаттык сактоо министрлиги менен Роспотребнадзордун биргелешкен илимий долбооруна катышуу менен акысыз текшере алышат.

"Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министринин №1273 буйругу менен Улуттук коомдук саламаттык сактоо институтунун базасында вакцина менен башкарылуучу жана башка актуалдуу инфекцияларга калктын популяциялык иммунитетин баалоо максатында Кыргызстандын тургундарын кызамык, кызылча, Паротит, SARS-CoV-2 вирусуна, А, В, С, В, Е вирустук гепатиттерине 13-ноябрдан 25-ноябрга чейин акысыз тестирлөөдөн өткөрөт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: