Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду
Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда калаа бийлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Бишкектин жаңы вице-мэри болуп Азамат Кадыров дайындалды. Ал Архитектура агенттигинин директору болуп дайындалып кеткен Нурдан Орунтаевдин ордуна келди.
Кадыров буга чейин борбор калаанын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин жетекчисинин орун басары болуп иштеген.
"Ал эми мэриянын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев ведомствонун жетекчиси болду", - деп айтылат маалыматта.
Тийиштүү буйруктарга мэр Айбек Жунушалиев кол койду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.