Асел Мусабекова дзюдо боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш медаль тагынды
Кыргызстандык спортчу Асел Мусабекова 13-декабрда Кытайдын Хайнань шаарында жыйынтыкталган жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Асел Мусабекова 63 килограмм салмакта финалга чейин жеткен. Финалдык кармашта ал монголиялык Болд Ганхажчка утулуп, күмүш медалдын ээси болду.
Эске салсак, дзюдо боюнча Кыргызстан жаштар курама командасы уткан 2-медаль. Буга чейин аталган мелдеште Артур Те 66 килограмм салмакта күмүш тагынган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.