Кыргызстандык окуучулар Түркияда өткөн эл аралык олимпиадада 22 медаль утту
Кыргызстандык окуучулар Түркиянын Анталия шаарында өткөн XV эл аралык билим олимпиадасында 22 медаль утту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, анын алтоо алтын, тогузоо күмүш жана жетөө коло. Окуучулар химия, биология, математика, англис, түрк жана орус тилдери, ошондой эле көркөм сүрөт өнөрү боюнча алдыңкы орундарды багындырышкан. Алар “Илим – Нур” окуу-тарбия комплексинин командасы.
Алтын медалга ээ болгондор:
- Асель Курбанбек кызы (химия, математика, түрк тили);
- Арууке Абылкасымова (көркөм сүрөт өнөрү);
- Арууке Турусбекова (биология);
- Радия Нусуретова (биология).
Күмүш медалга ээ болгондор:
- Асель Курбанбек кызы (англис тили, биология);
- Исмаил Маратов (математика, англис тили);
- Айдина Толонбаева (химия);
- Арууке Баширова (көркөм сүрөт өнөрү);
- Зайнаб Альчибекова (биология);
- Радия Нусуретова (химия);
- Раяна Асылбек (англис тили).
Коло медаль ээлери
- Агиля Алиева (биология);
- Аманжан Сансызбеков (география);
- Арууке Турусбекова (химия);
- Зайнаб Альчибекова (англис тили);
- Исмаил Маратов (орус тили);
- Нуршаш Ертаева (биология);
- Раяна Асылбек (орус тили).
Белгилей кетсек, окуучулар жана студенттер үчүн эл аралык олимпиада 29-октябрдан 4-ноябрга чейинки аралыкта өткөрүлдү.
