super.kg logo

"ЦУМ-Айчүрөк" Анвар Габбазовго таандык эмеспи? УКМК дагы бир жолу билдирүү жасады

 

Буга чейин итернет айдыңында Бишкектин чок ортосундагы "ЦУМ-Айчүрөк" соода борбору эл аралык издөөгө алынган Анвар Габбазовго таандык эмес экени тууралуу маалыматтар тараган.

Өз кезегинде УКМК бул боюнча үн катты. Атайын кызматтан билдиришкендей, бул маалымат чындыкка дал келбейт.

“ЦУМ Айчүрөк” ААКсынын негизги уюштуруучулары 2 юридикалык жак экендиги аныкталган. Тактап айтканда, уюштуруучулардын бири “ЦУМ Айчүрөк” ААКсынын 47% акциясына ээлик кылган “Башкы универмаг” ЖЧКсы. Өз кезегинде “Башкы универмаг” ЖЧКсынын жалгыз негиздөөчүсү А.Габбазовдун апасы Маметова Анашхан Хашимахунова болуп саналат.

“ЦУМ Айчүрөк” ААКсынын уюштуруучуларынын экинчиси “ЦУМ Холдинг” ААКсы (акциялардын 44%ына ээлик кылат). Ошол эле учурда “ЦУМ Холдинг” ААКнын жетекчиси болуп А.Габбазовдун аффилияцияланган адамы Абдыжапаров Болушбек Абдыжапарович эсептелет.

Ошол эле учурда “ЦУМ Айчүрөк” ААКсынын соода жайларын жана кызматтык жайларды ижарага берүү “Сити Центр” ЖЧКсы аркылуу ишке ашырылат, анын жалгыз негиздөөчүсү А.Габбазовдун эжеси Хадия Илшатовна Маметова болуп саналат.

Ошондой эле “Башкы Универсал Дүкөн” ААКнын директору - Мухтаров Нурмамет Равкатович А.Габбазов жана анын бир тууганы Ришат Илшатович Габбазовдун Бишкек шаары, Восток кичи району 5, №33-үй 3-квартира дареги боюнча катталган.

Ошентип, “ЦУМ Айчүрөк” ААКсынын чыныгы ээси Габбазов (азыркы Маметов) Анвар Илшатович болуп саналат, ал аталган мүлктү өзүнүн аффилияцияланган адамдарына, анын ичинде жакын туугандарына каттаткан", - деп билдиришти УКМКдан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: