Кара-Кулжада 150 орунга ылайыкталган жаңы мектептин курулуш иштери аяктады





Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Булак айыл аймагынын Тегерек-Саз айылында Эркинбаев атындагы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектепти куруу 2021-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, долбоордук 150 орунга эсептелген.
"Жаңы имарат 2 кабаттуу окуу корпусунан түзүлүп, аянты 1195,0 чарчы метрин түзөт. Мектепте окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Негизги окуу класстарынан сырткары, концерттик иш-чаралар өтүүчү зал, англис жана орус тили кабинеттери, химия, биология лабораториялары, эмгек каанасы, китепкана жана дарыгердин кабинети каралган",-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, ушул жылдын ноябрь айына карата өлкө боюнча 60 мектеп бүткөрүлдү. Бүгүнкү күндө жыл аягына чейин бүткөрүлүшү керек болгон дагы 40 мектепте курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.
