super.kg logo

"45 кабаттуу имарат курулат". Президент “Manas Tower 45” мейманкана комплексинин курулушуна капсула салды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 14-ноябрда Бишкекте көп функциялуу “Manas Tower 45” комплексинин курулушунун пайдубалына мезгил кутусун салды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай көп кабаттуу комплекс өлкө тарыхында алгачкы ирет курулуп жатат, аны ишке ашырууга президенттин иш башкармалыгы жана чет элдик инвесторлор катышууда. Курулушту 2,5-3 жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.

Долбоор боюнча комплекс 45 кабаттуу имараттан туруп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянттары жана жер алдында 600 жеңил унаага ылайыкташкан унаа токтотмосу болот.

Мамлекет башчысы мейманкана-комплекс заманбап дизайны менен айырмаланып шаарыбызга көрк берип, борборго келген меймандарга ыңгайлуу шарттары менен жайлуу бир имарат болот деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров долбоорго ылайык имараттын эң үстүндө тик учак аянтчасы жана панорама аянтчасы калаа тургундары менен меймандарына 200 метрден ашуун бийиктиктен Бишкек шаарыбызга алаканга салгандай көз чаптырып, анын кооздугуна суктанууга мүмкүнчүлүк тартуулай турганын билдирди.

Комплексте ошондой эле соода түйүндөрү жайгашып, калкты иш орундары менен камсыз кылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: