super.kg logo
  Саясат  

"Гуманитардык жардам жөнөтүлөт". Төрага Шакиев Палестинанын элчисин кабыл алды

 

Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Палестина мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Джавад Авад менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда эки өлкө ортосундагы алакалар тууралуу сөз болуп, элчи Палестинадагы учурдагы кырдаал боюнча маалымат берди.

Төрага Шакиев Палестинанын Газа тилкесиндеги кайгылуу окуяларга Кыргызстан тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын белгилеп, жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бардык палестиналыктарга Жогорку Кеңештин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Муну менен катар жакында Эр-Рияд шаарында Палестина аймагындагы кырдаалды талкуулоо үчүн кезексиз VIII Ислам саммити өткөрүлгөнүн эске салган төрага: “Жогорудагы иш-чарага президент Садыр Жапаров катышып, ок атышууну токтотууга, ошондой эле эл аралык коомчулукту Газа тилкесиндеги жарандарга гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыз кылууга чакырды. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк маянасын Палестина элине жардам катары которуу чечимин кабыл алдык. Мамлекет башчыбыздын тапшырмасы менен гуманитардык жардамдар да жөнөтүлөт”, – деди.

Өз кезегинде Джавад Авад Израилдин баскынчылыгы 7-октябрда эле башталбагандыгын белгиледи.

“75 жылдан бери уланып келе жаткан зомбулук азыркы учурда түрдүү алааматтар менен коштолууда. Акыркы баскынчылыктын кесепетинен 11 миңден ашуун адам набыт болуп, 30 миңден ашуун киши жаракат алды. Алардын 75 пайызы жаш балдар”, – деди ал.

Ошондой эле элчи Палестина элинин башына түшкөн кайгылуу күндөрү колдоосун көрсөткөн Кыргыстандын президентине, Жогорку Кеңешине жана жалпы элине ыраазычылыгын айтты.

“Биз көрсөткөн көмөгүңөрдү эч качан унутпайбыз. Тилекке каршы берилген гуманитардык жардамдарды Палестина элине жеткирүүгө да тоскоолдук жаратып, ооруканаларды да талкалап жатышат. Андыктан дүйнө коомчулугун Израиль баскынчылыгын токтотууга чакырабыз”, – деди элчи.

Белгилей кетсек, Джавад Авад элчилик ишмердүүлүгүн Кыргызстан менен Өзбекстанда айкалыштыра аткарат. Ал эми резиденциясы Ташкент шаарында жайгашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: