Бишкекте “Ден соолук-2023” жарышы болуп өттү





Бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин Саламаттыкты сактоо боюнча кызматташтык кеңешинин XXXVI жыйынынын алкагында уюштурулган “Дени сак улут – өнүккөн өлкө” урааны астында “Ден соолук-2023” жарышы өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо
министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жарыш миңден ашык катышуучунун башын бириктирди, анын ичинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү доктор Ливиу Ведраско, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Жогорку Кеңештин депутаттары, КМШ өлкөлөрүнөн келген коноктор, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери, медицина кызматкерлери жана медициналык окуу жайлардын студенттери катышты.
"Бүгүнкү күн бизге чогулуп, сергек жашоону колдоо үчүн өзгөчө себеп. “Ден соолук-2023” – бул физикалык активдүүлүк гана эмес, бул өзүңө, ден соолугуңа жана, албетте, бүтүндөй коомго кам көрүү мүмкүнчүлүгү. Бул жарыш сиздердин дени сак келечекке болгон алгачкы кадамыңыз болсун”, -деди Алымкадыр Бейшеналиев.
Жарыш 1 чакырым жана 2 чакырым болгон эки аралыкта уюштурулуп, анын жыйынтыгында жеңүүчүлөр медалдар жана дипломдор менен сыйланышты. Мындан тышкары республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине эстелик медалдар тапшырылды. Иш-чара ата мекендик эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен коштолду.
"Ден соолугуңа кам көрүү – сенин келечегиңе кам көрүү. Бүгүн жасаган ар бир кадамыңыз – бул узак жана бактылуу жашоого инвестиция. Жарыш физикалык гана чакырык болбостон, сиз жана сиздин
жакындарыңыз үчүн шыктануу булагы болсун", - деди ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү доктор Ливиу
Ведраско.
