Байтик Баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имаратка улуу кинорежиссёр, Эл артисти Болотбек Шамшиев тарткан, башкы ролду Эл артисти, режиссёрдун жубайы Айтурган Темирова ойногон “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасынын муралы түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, имараттын каптал бөлүгүнө Джубили Кыргызстан (ЗАО «Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company») компаниясынын тапшырыгы жана демилгеси менен "KyzArt" чыгармачылык тобунун сүрөтчүлөрү тартышкан.
Ага ылайык, сүрөт Кыргызстандын мурастарын жана Болотбек Шамшиевдин чыгармачылыгында чагылдырылган адамдык баалуулуктарды сактоо максатында түзүлгөн.
Белгилей кетсек, жайгашкан жерди тандоодо Биринчи Май районунун акимиаты жана "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы жардам көрсөтүшкөн.
Бишкекте “Ысык-Көлдүн кызгалдактары” тасмасынын негизинде тартылган мурал пайда болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.