"Бишкек троллейбус башкармалыгы" накталай эмес төлөмгө карата рейд жүргүздү




Коомдук транспортто накталай эмес төлөмгө өткөндөн бери "Бишкек троллейбус башкармалыгы" тез-тез текшерүүлөрдү жүргүзүп келет. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Бишкек троллейбус башкармалыгынын" 25 кызматкери күн сайын каттамда иштеп, айдоочулар тарабынан эреже бузуулар жана айрым жарандардын жол акысын банк аркылуу төлөөдөн баш тартып жаткандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Накталай эмес төлөмдөр төмөнкү жолдор менен төлөнөт:
-Тулпар транспорттук карталары үч категориядагы (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
-Кыргызстандын бардык банктарынын контактсыз VISA жана ЭЛКАРТ карталары;
- NFC виртуалдык картасы;
-Тулпар, Balance, Mbank, Megapay ж.б. тиркемелерде QR сканерлөө;
-Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.
