super.kg logo

"Тамагына бычак такап...". Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун "Шпана" аттуу мүчөсү кармалды (фото)

 

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, мурда соттолгон, 1994-жылы туулган А.у.Д. аттуу жаран кармалып, УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

"Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ушул жылдын 7-ноябрында А.у.Д. учурда абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан, топтун мүчөсү (т.н. члена общака и «смотрящего за шпаной») деп аталган, 1999-жылы туулган Э.М. аттуу жарандын буйрутмасы боюнча А.Э.А. аттуу жаранга чалып жолугушууну талап кылган. Жолугушуудан кийин А.у.Д. уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү менен биргеликте күч колдонуу менен А.Э.А.ны белгисиз тарапка унаага салып кетишип, ал жерден анын денесине көптөгөн жаракаттарды келтиришкен. Андан соң ар кандай коркутуулар жана физикалык күч колдонуу, ошондой эле тамагына бычак такап А.Э.А.дан түзөтүү мекемесиндеги уюшкан топтун кассасын (общаковской кассы) толтуруу үчүн 200 миң сом өлчөмүндө акча каражат опузалашкан", - деп билдиришти УКМКдан.

Ошол эле учурда А.Э.А. укук коргоо органдарын менен байланышса ага карата физикалык күч колдонобуз деп коркутушкан. Андан соң жогорудагы адамдар аны Эркиндик бульварына жеткирип, жогорудагы талапты аткаруу үчүн мөөнөтүн белгилешкен.

Учурда УКМК тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, ошондой эле кармалган адамдын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга тиешеси бар экендиги аныкталууда.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: