super.kg logo
  Саясат  

 Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 85 жылдыгы менен куттуктады

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышып, парламенттин 85 жылдык мааракесине карата куттуктоо сөзүн айтты.

Мамлекет башчысы Жогорку Кеңештин 85 жылдыгы эртең, 16-ноябрда расмий түрдө белгилене тургандыгын эске салып, иш сапары менен чет мамлекетке кеткени жаткандыктан алдын-ала куттуктап коюуну туура көргөндүгүн айтты.

"Урматтуу депутаттар, кымбаттуу Кыргызстан эли, коомдук турмушубузду калыпка салып, андан ары өркүндөтүүгө эреже-тартиптерди тууралап, өсүп-өнүгүүбүздүн мыйзамдык жолун чапкан кыргыз парламентинин 85 жылдык мааракесин белгилейбиз.

Кыргызстан үчүн маанилүү күндөрдүн бири болгон кыргыз парламентинин 85 жылдык мааракеси менен жалпы мекендештерди чын дилимден куттуктаймын!

Биз кыргыз эли Борбор Азия чөлкөмүндө тарыхы кенен, тамыры терең кеткен эң байыркы эл экенибиз барган сайын дүйнө элине белгилүү болууда.

Байыркы доордогу элдерде болуп келгендей эле, коомдун, уруу, уруктун жашоосунун негизги маселелери талкууланып - талданып, кабыл алынып турган алгачкы формасы – аксакалдар кеңеши, элдик топ, элдик жыйын, курултай түрүндөгү элдик өкүлчүлүктүн баштапкы органдары ондогон кылымдарды артка таштаган кыргыз элинин тарыхында да болуп келген. Демек, кыргыз парламентаризминин таржымалынын башаты ошол элдик топ, элдик жыйын, аксакалдар кеңеши, курултайлар өткөн илгерки мезгилдерге барып такалат. Бул жагын окумуштуулар таасын чечмелеп берери турган иш.

Урматтуу эл өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин кесипкөй кызматкерлер жамааты!

Дагы бир жолу баарыңыздарды кыргыз парламентинин – Жогорку Кеңештин 85 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктаймын! Кыргыз парламенти ар дайым кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына кам көрүп, тагдыр чечер тарыхый вазыйпасын орундатат деп бекем ишенем", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: