Ташиев Дүйнө чемпиону болгон УКМК кызматкерине "Эрдик" төш белгисин тапшырды








Бүгүн, 15-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жиу-житсу боюнча Дүйнө чемпиондугунда 1-орунга ээ болгон УКМК кызматкери Таалайбек Жанаевге “Эрдик” төш белгисин тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жолугушуу учурунда Ташиев Жанаевди жеңиши менен куттуктап, мындай утуштар кыргыз эли үчүн зор мааниге ээ экенин белгиледи. Ошондой эле төрага, спорт чемпиондорунун ийгиликтүү жеңиши жаштарды патриоттуу болууга үйрөтөрүн, андыктан мамлекет спортчулар үчүн тийиштүү шарттарды түзүп берүүнү улантарын кошумчалады.
Өз кезегинде Жанаев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да спорт жаатында ийгиликтерди жаратууга аракеттенерин убадалады.
Белгилей кетсек, жолугушуунун жүрүшүндө УКМК төрагасы Жанаевге ведомстволук "Эрдик" сыйлыгын тапшырып, ага ден соолук каалап, келечекте мындан да чоң ийгиликтерди багындырарына ишенимин билдирди.
Эске салсак, 2-10-ноябрь күндөрү Абу-Дабиде (БАЭ) жиу-житсу боюнча Дүйнө чемпиодугу өтүп, ага 127 өлкөдөн 7 миңге жакын спортчу катышкан.
