super.kg logo
  Саясат  

Транспорт министринин орун басарлары алмашты

 

Транспорт министринин орун басарлары алмашты. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Тариэль Жаныбеков жана Бекжан Рысмендеев транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйруктарга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Министрдин жаңы орун басарларын президенттик администрациянын саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев тааныштырды.

Белгилей кетсек, Тариэль Жаныбеков 2022-жылдын декабрынан 2023-жылдын июнуна чейин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын башкы директору кызматын аркалаган.

Ал эми транспорт министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары дайындалган Бекжан Рысмендеев буга чейин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын инвестициялар бөлүмүн жетектеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: