super.kg logo

Базар-Коргондо алдамчылыкка шектелип 54 жаштагы аял кармалды

 

Базар-Коргон районунда жарандарга жер алып берем деп акча алып, убадасын аткарбай келген аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнө 3 жаран арыз менен кайрылышкан. Алар 2021-жылдын октябрь айынан бери Базар-Коргон районунун тургуну 54 жаштагы аял базардын жана башка аймактардын жанынан жер алып берем деп акча алып, бирок азыркы күнгө чейин жер алып бербей же акчасын бербей качып жүргөндүгүн билдиришкен. Жабырлануучулар жалпысынан 1 миллион 553 миң сом материалдык зыян тартышкан.

Бул боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Базар-Коргон районунун тургуну 1969-жылы туулган А.Ч. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бүгүн, 15-ноябрда анын баш коргоо чарасы Базар-Коргон райондук сотунда каралат.

Эгерде кылмыш ишине шектелген жарандан жабыр тарткандар болсо Базар-Коргон РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө же 03736 5 01 91 номерине кайрылсаӊыздар болот.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: