super.kg logo
  Спорт  

Футбол: "Ак шумкарлардын" ноябрдагы оюндарына Кичин баштаган эки футболчу катышпайт

 

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын катарынан бул ирет команда капитаны Валерий Кичин жана жаш талант Бекназ Алмазбеков Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарына катышпайт. Бул тууралуу башкы машыктыруучу Стефан Таркович билдирди.

"Клубдук жана эл аралык машыгуулардын жана оюндардын жогорку темпинен улам Валерий Кичин физикалык жана моралдык жактан 100 пайыз даяр эмес.

Ал эми Бекназ Алмазбеков Кыргызстандагы эң таланттуу оюнчулардын бири, бул менин жеке пикирим. Бирок бүгүнкү күндө ал дагы даяр эмес. Ал азырынча андай деңгээлде эмес. Мен алдыда Бекназ менен иштешүүнү каалайм. Ал курама команданын өнүгүшүнө жардам бере алат деп ишенем. Ал сөзсүз түрдө Азия Кубогуна катышуучу оюнчулардын тизмесинде каралат", - деген Таркович Акипресске берген маегинде.

Эске сала кетсек, эртең, 16-ноябрда “Ак шумкарлар” конокто Малайзия менен беттешет, ал эми 21-ноябрда Бишкекте Оманга каршы ойнойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: