super.kg logo

Чүйдөгү Милянфан айылына жакын жерден жансыз дене табылды

 

Чүй облусундагы Милянфан айылына жакын жерден азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.

45-50 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдын жансыз денеси 1-октябрь күнү Бишкек-Торугарт айланма жолунун 22 чакырымында, Алга жана Милянфан айылдарынын ортосунда табылган.

Бул факты Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Белгилери: бою 170-180 сантиметр, жашы 45-50, орточо дене түзүлүштө, чачы кара кыска.

Кийген кийимдери: боз күрмө, ShengLu XXL фирмасынан күрөң түстөгү жүндөн токулган свитер, Reebok фирмасынан боз спорттук шым, Sport фирмасынан кара спорттук бут кийим жана шымынын чөнтөгүнө жашыл бет аарчы салынган.

Ошондон бери табылган жансыз дененин аты-жөнү аныкталбай жатат. Мындан улам милиция коомчулукка кайрылды.

Жогорудагы жаран тууралуу маалыматы барлар нөөмөт бөлүмүнө Чүй облусу 43-01-27, Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгы 61-69-07, 03132 5-21-47 телефон номурлары аркылуу кабарласа болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: